72 окуду

/Сокол Медиа/ — Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүү максатында Бадахшандын Вахан аймагына медициналык топ барды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги афган тараптан алынган маалыматка таянып билдирди.

Маалыматта памирлик кыргыздардын ооруларын аныктоо жана тиешелүү дарылоо чаралары башталгандыгы айтылды.

Министрлик өз кезегинде афган тарап менен байланышта экендигин белгиледи.

Медициналык жардам көрсөтүү маселеси 17-январда Тышкы иштер министрлигинде Афганистандын Кыргызстандагы өкүлү менен болгон жолугушуусунда талкуулангандыгы кошумчаланды.

от admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Текстти көчүрүп алууга болбойт