Ташкент облусунун Паркент районундагы Кыргыз Овул айылында жайгашкан №33 жалпы билим берүү мектебинде залкар жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган адабий-агартуу иш-чарасы жана белгилүү өзбек жазуучусу Хайриддин Султандын кыргыз тилинде жарык көргөн “Жокчулук жана токчулук” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.

Иш-чараны ачкан Өзбекстан Жазуучулар уюмунун Ташкент облусу бөлүмү жетекчиси, Өзбекекстан Эл акыны Махмуд Тоир кыргыз элинин атактуу жазуучусу, дүйнөлүк адабияттын казынасына зор салым кошкон Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын каармандары өзбек эли үчүн кымбат жана жакын экенин, анын кайталангыс чыгармалары, повесттерин жана повесттерин өзбек окурмандары зор кызыгуу менен окушарын айтты.

Өзбекстан Жазуучулар уюму төрагасынын орунбасары Гайрат Мажиттин айтымында, президент Шавкат Мирзиёевдин 2018-жылдын 2-апрелиндеги “Улуу жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын кеңири белгилөө жөнүндө” токтому улуу жаратуучуга болгон бийик урматтын символу катары боордош кыргыз эли менен тыгыз кошуналык жана достук мамиледе болуу, адабият, маданият тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүдө мааниге ээ болууда.

“Залкар жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов кыргыз эли үчүн гана эмес, бүткүл түрк өлкөлөрү, анын ичинде өзбек эли үчүн кымбат жана баалуу инсан, Өзбекстандын улуу досу болгон. Өткөн кылымдын 80-жылдарында мурдагы Борбор тарабынан уюштурулган “өзбек маселеси”, “пахта маселеси” сыяктуу адилетсиз саясий кампанияларда Чыңгыз Айтматов элибиздин ар-намысын, аброюн тайманбастык менен коргоп келгенин өлкөбүз ар дайым ырахмат менен эскерип келет, адилеттиктин жана чындыктын ырчысы. Буга уникалдуу жаратуучунун мамлекетибиз тарабынан «Достук» жана «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» ордендери менен сыйланганы далил. Чыңгыз Айтматов ТүркСОЙ эл аралык уюму тарабынан негизделген Алишер Навои атындагы сыйлыктын биринчи лауреаты болгону бекеринен эмес. Сыйлык Кыргызстандын президентине 2022-жылы ноябрда өткөн Самарканд саммитинде тапшырылган”, — деп баса белгиледи.

Өзбекстан Улуттук университетиндеги “Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан” аттуу туруктуу көргөзмөнуун жетекчиси, “Жахон адабиёти” журналынын башкы редактору, Өзбекстанда эмгек сиңирген журналист Ахмаджон Мелибоев, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин тарыхында жаңы доор башталган учурда Чыңгыз Айтматовдун калтырган көркөм мурасы элдерибиз үчүн маанилүү болуп баратканые көңүл бурду. “Улуу жазуучунун чыгармалары өлкөбүздө миңдеген нускада басылып, эл аралык адабий процессте чоң окуя катары таанылган “Түрк адабиятынын казынасынан” 100 томдук чыгармалар жыйнагында өзүнчө том Чыңгыз Айтматовго арналган. Бекстанда кыргыз тили жана адабиятына болгон кызыгуу күчөйду, “айтматов таануу” илими пайда болууда”, — деди А.Мелибоев.

Иш-чаранын алкагында кыргыз Эл жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдикерим Муратов тарабынан которулган, Бишкектеги “Турар” басмасынан жарык көзгөн, белгилүү өзбек жазуучусу Хайриддин Султандын кыргыз тилинде жарык көргөн “Жокчулук жана токчулук” прозалык жыйнагынын бет ачары болду.

Өзбекстан-Кыргызстан Достук коомунун төрагасы, Өзбекстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү өзбек манас изилдөөчүсү, филология илимдеринин кандидаты, профессор Зухриддин Исамутдиновдун айтымында, бүгүнкү күндө кыргыз адабиятынын белгилүү өкүлдөрүнүн, кыргыз акын-жазуучуларынын ырлары, аңгемелери өзбек тилине которулган. Ошондой эле бир катар өзбек өнөрпоздорунун поэтикалык жана прозалык чыгармалары кыргыз тилине которулуп, басылып чыгууда. Кезектеги кыргыз тилинде жарык көргөн, белгилүү өзбек жазуучусу Хайриддин Султандын “Жокчулук жана токчулук” китеби бул багыттагы дагы бир жагымдуу окуя, боордош өзбек жана кыргыз элдеринин кылымдарды карыткан достугун мындан ары да чыңдоодо алтын көпүрөө болуп кызма кылат”, — деп белгиледи профессор З.Исамутдинов.

Иш-чара соңунда Ч.Айтматовтун эстелгини гүлдөр коюлуп, мектепке Өзбекстан жазуучулары үюму тарабынан чыгарылган китептер белек катары тапшырылды.

Эскерте кетсек, улуу Чыңгыз Айтматовтун элесин түбөлүккө калтыруу максатында 2018-жылы Ташкент шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине жазуучунун ысымы ыйгарылып, анын барельефи ачылып, 2018-жылдын Паркент районундагы №33 жалпы билим берүү мектебине жазуучунун бюсту орнотулган. Өзбекстан Улуттук университетинде “Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан” аттуу туруктуу көргөзмө иштеп жатат.

От admin