Бишкек шаарында бүгүн, 13-октябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйыны өттү.

Президент Садыр Жапаров КМШ МБК жыйынынын алкагында, анын башталаар алдында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Андан соң Садыр Жапаровдун Кыргызстанга жыйынга катышуу үчүн келген мамлекет башчыларын: Азербайжандын президенти Ильхам Алиевди, Беларустун президенти Александр Лукашенкону, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди, Россиянын президенти Владимир Путинди, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовду жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди тосуп алуу аземи болду.

Тосуп алуу салтанатынан жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин мамлекет башчылары Кеңештин чакан жана кеңейтилген форматтагы жыйындарын өткөрүштү.

Жыйынды ачып жатып Садыр Жапаров Кыргызстан Уюмга төрагалык кылууда анын ишмердүүлүгүнүн натыйжасын арттырууга, Шериктештик мейкиндигинде интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө жана мүчө-мамлекеттерди чечимдерди кабыл алуу жана ишке ашыруу процессине активдүү тартууга салым кошуу милдетин койгондугун белгиледи.

Ошондой эле жыйында КМШга мүчө-мамлекеттердин лидерлери жана КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедев сөз сүйлөштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө КМШ алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашылып, мүчө-мамлекеттердин лидерлери КМШнын алкагында өз ара байланыштарды кеңейтүүнүн конкреттүү аспектилерине басым жасап, Шериктештиктин заманбап өнүгүүсүнүн принципиалдуу учурларына конструктивдүү жана достук маанайда кеңири токтолушту.

Андан ары мамлекет башчылары Шериктештикке мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы көп кырдуу жана кеңири масштабдуу кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталып даярдалган документтерге кол коюу жол-жобосуна өтүштү.

Жыйын жүрүшүндө КМШнын Мамлекет башчылар кеңешинин төрагасы – президент Садыр Жапаров Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевге Шериктештиктин өнүгүүсүнө, КМШга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы достукту, ынак коңшулукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы үчүн мамлекеттер аралык сыйлыкты – КМШнын Ардак белгисин тапшырды.

КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Садыр Жапаровго Кыргызстандын 2023-жылы Шериктештикке ийгиликтүү төрагалык кылганы, ошондой эле бүгүнкү иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Андан кийин президент Садыр Жапаров менен КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө билдирүү жасашты.

2024-жылы КМШга төрагалык кылуу Россия Федерациясына өттү.

От admin