73 окуду

/Сокол Медиа/ — 2022-жылдын ноябрында Баткен шаарына биринчи жолу алынып келген алты автобустун үчөө бүгүн, 25-январдан баштап каттамга чыкты. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, маршруттук каттам Жибек-Жолу, И. Жусупов, Сайдиман ажы, К.Тумаматов, И. Раззаков көчөлөрүндө, Чет-Булак кварталы боюнча жүрөт. Жол кире акысы 15 сом.

Мэриядан кошумчалашкандай, автобустардын калган үчөө лицензия даяр болуп, тиешелүү уруксат берилсе катталган коюлмакчы.

Белгилей кетсек, Баткен шаарына биринчи жолу 6 автобус алып келинген. Шаар калкын тейлөөгө багытталган автобустар «Айыл Банк» тарабынан 6 жылдык мөөнөттө лизинг аркылуу алынган.

от admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Текстти көчүрүп алууга болбойт