Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келди.
“Манас” эл аралык аэропортунан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргызстан КМШга төрагалык кылууда.

От admin