Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын жана 13–октябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин башчыларынын кеңешинин жыйынын өткөрүү учурунда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөп, коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздашууда.
Бай тажрыйбасы бар Кыргыз милициясы КМШ мамлекеттеринин Саммитин өткөрүүгө арналган мамлекеттик маанилүү иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти камсыздоо иш-чараларын жогорку деңгээлде ийгиликтүү жүзөгө ашыруу иш-чараларын көрүүдө.
Белгилей кетсек, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн Бишкек гарнизонунун 4 500 кызматкери тартылган.
Урматтуу жарандар, бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жарандардан коомдук коопсуздукту камсыздоо менен бирге жол кыймылын жөнгө салып турган милиция кызматкерлеринин талаптарын туура түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз.

От admin