«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы “Ден-Сяопин, 306 б”
дареги боюнча жеткиликтүү баада, башкача айтканда 4700 сомдон көмүр
сатуу пункту уюштурулганын белгиледи.

«Көмүр вагондор менен ташылат, бүгүнкү күндө 800 тонна көмүр бар.

Белгилей кетсек, бюджеттик мекемелер, социалдык объектилер жана калк
үчүн 2023-жылдын 2-сентябрынан баштап көмүр ташылып, күнүнө 5,0-6,0
миң тоннага жакын көмүр же 200-250 унаа көмүр ташылып келет.

Кошумчалай кетсек, жакынкы күндөрү оор жүк ташуучу унаалар менен
төмөндөгү даректерге 4700 сомдон көмүр келери күтүлүүдө.
-Мурманская 126;
-Алыкулов 6 б;
-Алматинская-Обьездная (кесилиште);

  • Нижняя Аларча айылы (Курманалиева көчөсү б/н).

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине
көмүрдү өз убагында сатып алууну эске салат»,-дешет алар.

От admin