Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Эмомали Рахмонду Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Тажикстандын президенти Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.

От admin