Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Түркмөнстандын президентин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргызстан КМШга төрагалык кылууда.

От admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *