Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан, Дүйнөнүн эки, Азиянын үч жолку чемпиону Акжол Махмудовду кабыл алып, Белград шаарында өткөн мелдештердеги жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мэр Акжол Махмудовдун жараткан ийгиликтерин баса белгилеп, Ош шаарынын мэриясы тарабынан ага 500 миң сом, машыктыруучусу Майрамбек Ахмедовго 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.

Кыргыз балбаны Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалда Азербайжандык Санан Сулейманов менен беттешип, жеңишке жеткен. Бул балбандын дүйнө чемпионатында уткан экинчи алтын медалы болду.

Өткөн жылдын сентябрь айында өткөн дүйнө чемпионатында венгриялык спортчу Золтан Леваини биринчи бөлүктө эле жеңип чемпион аталган.

От admin