Бүгүн, 12-октябрда Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына расмий сапары болуп өттү.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи болду.

Сапардын алкагында Кыргызстан менен Россиянын лидерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда кыргыз-россиялык көп пландуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты, ошондой эле регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Андан соң Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин чыңдоого жана Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Ардак ордени менен сыйлоо аземи болуп өттү.

Мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдирип, Кыргыз-Россиялык биргелешкен кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюшту.

Ошондой эле Садыр Жапаров менен Владимир Путин жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасашты.

Андан соң эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-россиялык мамилелердеги орчундуу окуялардан болуп саналган Кант шаарындагы Авиация базасынын ачылышынын 20 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Мындан тышкары Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында «Ата-Бейит» комплексинде 1916-жылы курман болгондордун элесине арналган мемориалга гүлчамбар койду.

Эскерте кетсек, Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон сапары уланууда, эртең, 13-октябрда, ал Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө — мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.

От admin