Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Азербайжандын президенти Ильхам Алиевди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Сапардын алкагында президент Ильхам Алиев үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.

От admin