72 окуду

/Сокол Медиа/ — 23-январь күнү эртең менен Аламүдүн айылындагы Чоң-Чүй каралынан колу-буту байланган абалда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдын сөөгү табылган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиргендей, каза болгон жаран 1989-жылы туулган КР жараны А.К. болуп чыккан. Ал 2022-жылдын 19-декабрынан тартып дайынсыз жоголуп, Аламудүн райондук милициясы тарабынан изделип жаткан.

Аталган кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган У.Ш. жана 1991-жылы туулган Д.К. кармалып, алар А.К.ны сабап, колу-бутун байлап сууга ыргытып жибергенин моюнга алышты.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.

от admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Текстти көчүрүп алууга болбойт