27 окуду

/Сокол Медиа/ — Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүүнү улантууда.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 24-январда мамлекеттик инспекторлор тарабынан ЖЭБде жана башка көмүр сатуучу жайларда Бишкек шаарына ташылып келген көмүрдүн радиациялык фонун өлчөө жана сапатын аныктоо боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Жаратылыш министрлигинин айлана-чөйрөгө мониторинг департаментинин инспекторлору тарабынан тиешелүү изилдөөлөр үчүн көмүрдүн үлгүлөрү алынды.

Белгиленгендей, жыйынтыгы бир жумадан кийин чыгарылат.

Ал эми экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын адиси көмүрдүн радиациялык көрсөткүчүн текшерип, тиешелүү нормадан бир топ төмөн экенин аныктады.

от admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Текстти көчүрүп алууга болбойт