29 окуду

/Сокол Медиа/ — Орусия Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга катышууну каалайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мамлекет келечекте 1860 мегаватт электр энергиясын өндүрө ала турган ГЭСти куруу боюнча мегадолбоорду баштап жатат.

«Эгер ГЭС курулса, өзүбүз колдонобуз. Ал эми катышуучулар курулушка канча салым кошсо, ошончо электр энергиясын алышат. Азыр Орусия дагы бизге кат жазып, кошулуп, каржылоо сунушун киргизип жатат», — дейт Таалайбек Ибраев.

Жыйында депутат Мирлан Самойкожо министрден Казакстандын парламентинин сенатынын Камбар-Ата ГЭС-1ди Казакстан Республикасы көзөмөлдөйт деген билдирүүсүнө комментарий берүүнү суранды.

«Балким, алар каржылоону көзөмөлдөөнү көздөп жаткандыр. Алар ГЭСти башкара алышпайт. Алар тараптан директорлор кеңешинде бир гана адам болот. ГЭСтин курулушун өзүбүз көзөмөлдөйбүз», — деди Таалайбек Ибраев.

Белгилей кетсек, 6-январда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюшкан.

от admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Текстти көчүрүп алууга болбойт