Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү жөнүндө макулдашууну жактырды.

Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов келишимге ылайык, Россия тарап Кант шаарындагы авиабазанын жанына абадан кол салуудан коргонуу бөлүкчөлөрүн жайгаштырарын билдирди. Ал үчүн авиабазага жанаша жайгашкан беш гектар жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү каралган.

«Абадан кол салуудан коргонуу бөлүкчөлөрүн кыргыз тарап башкарат. Ошол эле учурда күнүмдүк ишинде каржылык, материалдык-техникалык камсыздоо жана башка иш-чаралар, бөлүкчөлөр Россия өкүлүнүн карамагында болот«, — деди Карасартов.

Андан соң депутат Султанбай Айжигитов Кыргызстанда абадан кол салуудан коргонуу системасы такыр жокко эсе экенин айтып, бул келишим абдан зарыл деп билдирди. Андыктан үч окуудан колдоп берүүнү суранды.

Натыйжада парламент келишимди үч окуудан тең ратификациядан өткөрдү.

От admin