Элдик курултайда транспорт жана тыгындарды азайтуу боюнча 5 маселе көтөрүлгөн.  Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорт менен камсыздоо боюнча төмөнкү багытта иш алып барууда:

2022-жылга жергиликтүү бюджеттен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн ыңгайлуу, заманбап дизайндагы жана экологиялык жактан таза күйүүчү май менен жүргөн 120 даана жаңы автобустар сатылып алынган. Учурда аталган 120 автобус линияга чыгып, жарандардын муктаждыктарын канааттандырып, штаттык режимде иштеп жатат.

Азия өнүктүрүү банкы аркылуу жеңилдетилген кредит жана грант бөлүү пландаштырылууда. Анын негизинде кубаттоочу түзүлүштөрү бар 100-120 дан кем эмес заманбап энергияны үнөмдөөчү электр автобустарын сатып алуу каралып жатат.

Европалык  реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аркылуу газ кыймылдаткычы менен жүрүчүү 100-130 ка жакын автобустарды (узундугу 10,5 метр) сатып алуу пландаштырууда.

2023-жылга республикалык бюджеттен 1000 автобус сатып алуу пландалган. Келишимдин шарты боюнча алгачкы 500 даана автобус ушул жылдын 4-кварталына күтүлүүдө. Калган 500 бирдикти 2024-жылдын  1-кварталында алып келүү күтүлүүдө. Көрсөтүлгөн автобустардын 350 гө жакыны келип, линияга чыгып, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иштер жүрүүдө.

От admin