Жогорку Кеңеш улгайган ата-энесин багуудан качкан адамдарды жазалоону катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Тазабек Икрамов. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр материалдык жардамга муктаж, эмгекке жарамсыз ата-энесин багуудан качкан жарандарды жазалоону күчөтүүнү билдирет. Мыйзамда 100 миң сомго чейин айып пул салуу же бир жылдан эки жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда. Мындан тышкары, ата-энесин таштап кеткен же аларды карылар үйүнө жайгаштырган адамдар мамлекеттик кызматка алынбайт.

От admin