“Улгайган курактагы адамдарга кѳңүл буруу жана камкордук” деген ураандын алкагында ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Бишкек шаарында жайгашкан “Үмүт үйү” улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесинин ички жана тышка аймагына коопсуздук үчүн өздөрүнүн каражаттарынан сатып алышкан видеокамераларды орнотуп беришти. Ошондой эле милиция кызматкерлери улгайган адамдардын ѳз колдору менен жасалган эмгектери менен таанышып, алар менен маектешип келишти.
Өз кезегинде аталган мекеменин жетекчилиги Атайын багыттагы полкунун жетекчилигине жана өздүк курамына алкыш айтышып, ыраазычылык кат тапшырды.
Ушундай эле жардамдар республика аймагында жайгашкан полктун бардык бөлүктөрүндө да өткөрүлдү.
Азыркы убакта социалдык стационардык мекемесинде 220 карыя жашайт. Алардын аялдар-100, эркектер-120 жана ошолордун ичинен 32си майып карылар түзөт.

От admin