Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло байгеге ээ болду.

Тыныбекова 62 кг салмакта күрөшүп, 1/8 финалдан баштаган. Алгач Таиланддык спортчу менен беттешип 14 секунд ичинде атаандашын жеңген. Ал эми чейрек финалда Япониялык Нонока Озаки менен күч сынашып, 3:1 эсебинде жеңилди. Кийин Озаки финалга өткөндүгүнө байланыштуу спортчу жубатуучу беттеште Вьетнамдык атаандашын 10:0 эсебинде утту. Ал эми чечүүчү беттеште казак балбаны Ирина Кузнецованы 2:1 эсебинде утуп коло байгеге ээ болду.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында 1-орунду ээлеген.

От admin