Айсулуу Тыныбекова Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/8 финалдан баштаган. Тыныбекова биринчи беттешинде Таиланддын өкүлү менен беттешип, аны 14 секундда далысын тийгизип, жеңип алды.

Чейрек финалда учурдагы дүйнөнүн чемпиону япониялык Нонока Озаки менен беттешет.

От admin