Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Алтуха лакап аты менен белгилүү мүчөсү Алтынбек Ибраимов үй камагына чыкты. Ал келтирилген зыяндын ордун толтурган. Бул маалыматты Бишкектин БиринчиМай райондук соту билдирди.Маалым болгондой, 4-октябрдаБиринчи Май районунун тергөө судьясы келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланыштуу Алтынбек Ибраимовго карата баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча
УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырды. Буга байланыштуу судья Ибраимовдун
баш коргоо чарасын 26-октябрга чейин үй камагына өзгөртүү чечимин чыгарды.