Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Германияга жасаган иш сапарынын алкагында Берлин шаарынын борборундагы Кыргызстандын элчилигинин аймагында орнотулган “Жаш Манасчы” айкели менен таанышты.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев айкел темирден жасалып, кыргыз чеберлери тарабынан Кыргызстандын аймагында куюлганын айтып берди.

“Жаш Манасчы” кыргыз элинин улуттук жүзүн туюнтат. Ал элибиздин тарыхы менен салттарын чагылдырган кыргыздын салттуу кийимин кийип, башында ак калпагы бар. 10-12 жаштагы жигиттин жашы кыргыз элинин жаштыгын, рухун билдирет.

Мындан тышкары, анын QR-код менен тактасы бар. Башкача айтканда, ар бир каалоочу атайын программанын жардамында айкел жөнүндө кеңири маалымат алып, ошондой эле “Манас” эпосунан үзүндү уга алат.

Садыр Жапаров бул айкелдин Кыргызстандын элчилигинде пайда болушун канааттануу менен белгилеп, “Жаш Манасчы” келбети элибиздин эркиндигин, энергиясын жана күчүн чагылдырып турарына токтолду. Бул айкел улуттук символ катары Кыргызстандын тарыхын, илгертен бери келе жаткан маданий мурастарын жана каада-салттарын сактап, кийинки мурастарга өткөрүп берүү максатын эскертип турат.

От admin