Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуунун алкагында БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Администратору Аким Штайнер менен жолугушту.
Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтык жөнүндө пикир алмашуу болуп, Кыргыз Республикасынын реформаларын колдоого жана анын эл аралык демилгелерин практика жүзүндө ишке ашырууга тиешелүү маселелер талкууланды.
Мамлекет башчысы Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатында колдоо программасын ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Садыр Жапаров 2023-жылы 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү боюнча күн тартибин ишке ашырууга бөлүнгөн убакыттын жарымы соңуна чыга турганын айтты.
Ушуга байланыштуу, Мамлекет башчысы БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында өткөрүлгөн Туруктуу өнүгүү максаттарынын Саммити абдан маанилүү жана актуалдуу иш-чара экенин баса белгиледи. Улуттук деңгээлде Кыргызстанда Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча комплекстүү чаралар көрүлүүдө.
Ал белгилегендей, туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу өлкөнүн стратегиялык программаларынын бир бөлүгү болуп саналат.
Садыр Жапаров айыл чарба, гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, туризм, билим берүү, транспорт жана санариптештирүү тармактарында кызматташууну тереңдетүүнү сунуштады.
Тактап айтканда Мамлекет башчысы үч өлкөнүн ири долбоорун — Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну белгиледи, ал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан тарабынан ишке ашырылып жатат. Бул долбоор бардык эл аралык инвесторлор үчүн ачык.
Мындан башка, кыргыз тарап экологиялык жана жашыл долбоорлорду ишке ашырууда БУУнун Өнүктүрүү Программасынын жардамына, ошондой эле парник газдарынын чыгындыларын азайтуу максаттарына жетүү үчүн колдоо көрсөтүүсүнө таянат.
Президент Садыр Жапаров Аким Штайнердин көңүлүн тоо мөңгүлөрүнүн интенсивдүү эришине алып келген климаттын глобалдык өзгөрүшүнө байланышкан кырдаалга бурду.
Тоолуу өлкөлөрдүн проблемалары жана чакырыктары тоолуу өлкөлөрдүн гана көйгөйү болбошу керек, тоо проблемаларын чечүү боюнча жалпы күч-аракеттер дүйнөлүк коомчулукта бир жерге топтолушу керек.
Өз кезегинде Аким Штайнер Мамлекет башчысына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаров тарабынан өлкөнүн экономикасынын маанилүү тармактарына көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
БУУӨПтун Администратору туруктуу өнүктүрүү боюнча рейтингинде өлкөнүн позициясы канчалык өсүп жатканын эске алуу менен Кыргызстанда башка мамлекеттер үйрөнө турган нерселер бар экенин баса белгиледи.
Ал өз тарабынан Кыргызстандын мурда кызматташуунун алкагында аныкталган артыкчылыктуу багыттарында жакынкы арада иштеп баштоого даяр экендигине ишендирди.
БУУӨПтун Администратору Аким Штайнер санариптештирүү жана «жашыл экономика» маселелери боюнча Кыргызстан менен кызматташтыкты арттырууну сунуштады.

От admin