Кытайда дүйнөдөгү эң ири — «Чжухай Чимелонг» аттуу деңиз илимий паркы ачылды. Парк НЛО формасында курулган. Бул тууралуу чет элдик Weixin сайты жазып чыкты.

Океанариумда 100 миңден ашык деңиз жаныбарлары жашайт. Чимелонгдун жалпы узундугу болжол менен 650 метрди түзсө, 400 миң чарчы метрге жетет. Паркты пландоого он жыл, ал эми иш жүзүндө куруу үчүн беш жылдан ашык убакыт кеткен. Музей күнүнө 50 миңден ашык адамды кабыл алат. Түнкүсүн имараттын ичи жарык болуп, чоң космостук кемедей көрүнөт.

От admin