Түркияда өрт өчүрүүгө тартылган тик учак кырсыкка кабылып, ичиндеги кыргыз жараны ооруканага түштү, дагы экөө дайынсыз болууда. Бул тууралуу 17-сентябрда Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу билдирди.

Окуя 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) болгону, токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөнү маалымдалды.

«Түркия Республикасынын Айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учакта төрт адам болгон. Алардын үчөө Кыргыз Республикасынын жараны. Учурда бир кыргызстандык ооруканада, калган жарандар боюнча издөө иштери уланууда. Башкы консулдуктун кызматкерлери окуя болгон жерге кырсыктын чоо-жайын тактап, Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүү максатында жолго чыгышты», — деп билдирди мекеме.

Түркиянын айыл жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы төрт адамдын үчөө кыргызстандык, бирөө түрк жараны экенин ырастады:

«Жалпысынан экипажда төрт кызматкер бар болчу. Үчөө кыргызстандык, бирөө түркиялык. Кыргыз кызматкер куткарылды, учурда ооруканада, абалы жакшы. Түнү менен калган үч кишини издөө иштери уланды. Таң атпай суучулдар тик учактын түшкөн жерин аныкташты».

Кыргыз жарандары ал жакта учкуч кызматында келишимдик негизде иштеп жүргөндөр деген маалымат айтылууда.

От admin