Евгений Пригожинге каршы куралдуу козголоң уюштуруу боюнча козголгон кылмыш иши жабыла электигин РИА Новости басылмасы Башкы прокуратурадагы булактарына таянып билдирди.
«Пригожинге карата кылмыш иши токтотула элек», - деп билдирди булак.
24-июнга караган түнү Вагнердин аскерлери Ростов-на-Донудагы Түштүк аскер округунун штаб-квартирасын басып алышкан. Мындай аракет Евгений Пригожиндин аталган топко Куралдуу күчтөрдүн соккусу тууралуу сөзүнөн кийин жасалган. Коргоо министрлиги да, ФСБ да муну дароо четке какты.