Астанага жакын жерде энтузиасттар уйдун эти кошулган шаурманы аба шарында космоско жөнөтүштү. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, команда 11-сентябрда аба ырайы шарына ( метеозон) шаурма жөнөткөн. «Шар дээрлик 30 миң км көтөрүлүп, 2 саат учкан. Шаурма менен аба шары стратосферага кирип, алдын ала белгиленген 29 714 метр бийиктикке ээ болуп, дээрлик 2 саат учкандан кийин пландалгандай 51.963050 N, 72.124600 E координаттары боюнча жер бетине жетти», — деп белгилешти энтузиасттар.

Учуруу Токтар Аубакировдун учкан күнүнө туш келди. Ал 1991-жылы 2-октябрда космоско учкан. Иш-чаранын уюштуруучулары Казакстандын жаштарынын көңүлүн космос мейкиндигин изилдөөнүн учурдагы чакырыктарына бурууга үмүттөнөрү белгиленген.

От admin