2023-жылдын 12-сентябрында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында КР УКМК ЧК 2026 жана 2031 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлерине батирлердин ачкычын тапшыруу салтанаттуу аземи өттү.
КРдин УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдиргендей, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиев, УКМК Чек ара кызматынын директору генерал-майор У.З.Шаршеев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, аскер бөлүктөрүнүн колбашчылыгы жана өздүк курамы, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү жана Чек ара кызматынын ардагерлери катышышты.
Төрт кабаттуу үй аскердик шаарчанын аймагында курулган. 36 батирлүү үйдүн курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны бекемдөө, өлкөнүн жана жалпы аймактын чек ара коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.
Көптөн күткөн жаңы батирлердин ачкычтарын 36 аскер кызматчынын үй-бүлөлөрү алышты.
Жаңы турак-жай комплексинде алар үчүн көмүр сактоочу кампа менен өзүнчө откана, балдар үчүн аянтча жана унаа токтотуучу жайы каралган.
Бул үйдөгү батирлердин орточо аянты 62-87 м2 түзөт.
Үй жеке долбоор менен курулган.

От admin