Октябрь акимиаты Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен биргеликте «Тамеки чегүүгө»  каршы  рейди өттү.

Бишкек мэриясы билдиргендей, рейд учурунда оюн-зоок жайларында иш-чаралар жүргүзүлүп, анда «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди колдонуунун кесепеттеринен жана курчап турган чөйрөнү тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзам боюнча  мыйзам бузуулар  аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 65 миң сом айып салынып, 3 протокол түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 83 жана 84-беренелерине ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жеке адамдын жоопкерчилигин эскертет, б.а. тамеки чеккен жаранга айып пул салынат.

От admin