8-сентябрда саат 14:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Болот Мамбетов айыл аймагынын Эшперов айылында Болотбек Маатаевдин жыйнап койгон чөбү өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу аталган айыл аймактын жашоочулары соцтармактагы баракчасына жазылып, видео бөлүшүштү.

«Болот Мамбетов айыл аймагынын Эшперов айылында Маатаев Болотбек агабыздын 8- сентябрь күнү саат 14:00 чамасында сатып алып жыйнап койгон чөп өрттөнүп кетип, Болот агабыз кейип турганда Эшперов айылынын эли ынтымактуу болуп баары бүгүн 9- сентябрь күнү чөп ордун толуктап беришти.

Ынтымак бар жерде ырыс бар.

Эшперов айылынын Элине ыраазычылык болсун рахмат баарыныздарга.

Жараткан өзү ар кандай кырсыктардан сактасын. Оомийин»,-деп жазышкан алар.

От admin