Кышында үйдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынабы? Бул суроого энергетика министри Таалайбек Ибраев жооп берди.

“Үч фаза койдургандар, ага уруксат алгандар үйүн ток менен жылыта алат. Мында чарбалык керектөөгө 10 киловатт, жылытууга 7 киловатт деген техникалык шарт бар. Бул документтин ээси электр энергиясын ушул көлөмдө колдонууга укугу бар. Бирок келишимде электр энергиясы өтө көп колдонулган сааттарда керектөөчү өзүн чектеши керек деп жазылган. Бул техникалык шарт аткарылбаса, келишим жокко чыгарылат. Андыктан, максимумга жеткен сааттарда электр энергиясы менен жылытууну токтотуп же минимумга түшүрүп турууну суранабыз. Калган учурда чектөө жок, мурун да болгон эмес», — деди Ибраев.

Жылытууга башка альтернативасы жок үйлөргө электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынбай тургандыгы, бирок алар 5 киловатт керектөөдөн ашпашы керектиги белгиленди.

От admin