Бүгүн, 2023-жылдын 14-августунда Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Жумгал райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.
Имаратты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К. салтанаттуу түрдө ачты. Ачылыш аземге, Нарын облусунун Жумгал районунун акими А.А.Набиев, Башкармалыктын өздүк курамы, Аппараттын кызматкерлери, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.
Жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылган.
Генерал-лейтенант Ташиев К.К. кызматкерлерди куттуктап, КР УКМКнын кызматкерлери мындан ары да республиканын бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруусу үчүн тийиштүү шарттар түзүлө берерин белгиледи.

От admin