Бишкекте батирлердин биринен 83 жаштагы карыянын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин куткаруучулары Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда 1940-жылы туулган К.Г. аттуу эркек кишинин сөөгү табылган.

Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.

От admin