30-августта Түркиянын Жеңиш майрамына карата уюштурулган кечеде белгилүү ырчы Симге Сагын 4,5 метрлик көйнөк кийген. Бул тууралуу SonDakika басылмасы жазды. 

Симге Сагын атайын даярдалган символикалык көйнөгүн ырдап жаткан учурда театрлаштырылган даярдык менен кийип, согуш жана Жеңиш майрамын чагылдырган символикалык көрүнүштү көрүүчүлөргө тартуулаган.  Ырчынын бул көйнөгү 1 айда даярдалган. Кеченин жүрүшүндө ырчы«10 жыл» гимнин аткарып командасы менен биргеликте жагымдуу маанай тартуулаган.

От admin