31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү жана 1-сентябрь Билим күнүндө жаңы Jong Tong автобустары менен жүрүү акысыз болот.

Бишкек мэриясы билдиргендей, мындай жакшы иш-чара майрамдардын урматына демилгеленген. Борбор калаанын тургундары жана коноктору КР Президенти Садыр Жапаровдун атынан сатып алынган муниципалдык коомдук транспортто эки күн бекер жүрө алышат.

Жаңы линиялар менен жүргөн No 15, № 51, № 52 автобустарга бекер жүрүүгө болот. Ошондой эле  №100, №105, №152, №195, №32 каттамдары жаңы автобустук каттамдарга алмаштырылды.

Эске салсак, майрамдык концерт Ала-Тоонун аянтында өтүп, ал түн ортосуна жакын аяктайт.

Буга байланыштуу борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспорттун иштөөсү саат 01:00гө чейин узартылды.
Ошондой эле майрамдык иш-чаралар өтүүчү жайларда жол убактылуу жабылгандыктан, айрым каттамдардын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт.

Шаар тургундары иш-чарадан кийин үйлөрүнө оңой жете алышат.

2023-жылдын 1-сентябрынан тарта бардык шаардык коомдук транспорт кадимки режимде иштейт.

От admin