Бүгүн, 2023-жылдын 31-августунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өздүк курамын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы менен куттуктады.
КР УКМКнын башчысы өз куттуктоосунда төмөнкүлөргө токтолду —

«Бул күн – өлкөбүздөгү өз алдынча эркин кадамдардын, башталыштардын, өзгөрүүлөрдүн башаты катары кылым карыткан Элибиздин көптөгөн кыйынчылыктарды, эркиндик үчүн далай жоонун мизин кайтарган салгылаштарды, ошол эле кезде өз өнүгүү жолунда көптөгөн аянычтуу жана жеӊиштүү мезгилдерди басып өтүп, тарыхый өзгөрүүлөрдү башынан кечирип, соӊку мезгилде дүйнөлүк коомчулукта өз ордун таап, кыргыз журтчулугунун туусун желбиреткен ыйык дата.
Биздин максат – жашоо шарты ыӊгайлуу, коопсуз, өз эмгеги, таланты менен ийгиликке жетип, өзүнө ишенген кубаттуу өлкөнү куруу жана эл коопсуздугун, бакытын жана алардын жаркын келечегин камсыздоо. Бул максаттарды иш жүзүнө ашырууда, албетте, алдыда далай бийик, опурталдуу ашуу-кырларды, аптаптуу жана ызгаардуу күндөрдү өтүүгө туура келет. Мындай шарттар мыйзам ченемдүү жана ар бир өлкө, анын атайын кызматтары башынан кечире турган шарт болуп эсептелет. Ал эми мындай болуп калчу катаал шарттардын алдын алып, анын кедергесин текке чыгарып, азайтып, Кыргызстандын өнүгүү жолунда чыга калчу буктурмаларды чебердик менен айланып өтүү бизден тийиштүү руханий жана күжүрмөн даярдыкты, ак жүрөктүктү жана ички тазалыкты талап кылат.
Мен ушул жаркын майрам күнү сиздердин УКМКнын кызматкерине коюлган бүткүл талаптарды сактап, мындан ары да Мекенге татыктуу, ак кызмат өтөп, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери деген наамды бийик көтөрүп, өлкө эгемендигин кынтыксыз камсыздашыӊарга тереӊ ишенем жана өлкө жетекчилиги, эл алдында кепилдик бере алам

От admin