И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы Джумабеков Сабырбек Артисбекович I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. Аны менен катар режиссер, Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шер-Нияз Садык, академик жана коомдук ишмер Эркебаев Абдиганы да аталган орден менен сыйланышты.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Анда өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу төмөнкү жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.

http://kg.kabar.kg/site/assets/files/110794/zharlyk_2023.doc

От admin