Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Бишкек шаарындагы испаниялык «Барселона» футбол клубунун академиясынын курулушуна мезгил кутусун салды.

Спорт комплекс борбор калаанын түштүгүндө курулуп, аянты 15,85 гектарды түзөт. Комплекстин инфратүзүмүнө 10 миң кишилик чоң футбол стадиону, 2 чоң аянтчасы бар футбол академиясы жана бир нече кичи футбол аянтчалары кирет. Ошондой эле комплекстин аймагында спорт зал, заманбап бассейн, 7 кабаттуу медициналык клиника, музей, кафе жана «Барселона» (Barça) бренди менен мейманкана курулат.

Комплекстин долбооруна 1000 орундуу жалпы билим берүүчү мектеп жана 700 орундуу бала бакча дагы кирет. Академияда 240-300 тарбиялануучу туруктуу негизде окуп, аймактардан дагы 2 миңге жакын бала футбол академиясынын секцияларына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн тартылган инвестициянын көлөмү 10 млрд сомго жакын. Комплекстин курулушун 2026-жылдын төртүнчү кварталына чейин бүтүрүү пландалууда.

Мезгил кутусун салуу аземине «Барселона» футбол клубунун президенти Жоан Лапорта, ошондой эле каталониялык команданын атактуу экс-оюнчулары катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө атактуу футболдук клуб Борбор Азияда биринчи жолу өз долбоорлорун ишке ашырып жатканын белгиледи.

«Өзүңүздөргө маалым болгондой, кечээ күнү Жалал-Абад шаарында «Барселона» футбол клубунун академиясынын салтанаттуу ачылышы өттү. Бул жаңылыкты кыргызстандыктар кубануу менен кабыл алышты. Академия клубдун Борбор Азиядагы алгачкы масштабдуу долбоору, мындан улам кыргыз футболунун тарыхында татыктуу орунду ээлейт. Бүгүн болсо биз дал ошондой заманбап эл аралык академиянын пайдубалын борбор калаабызда түптөп, мезгил кутусун салганы турабыз», — деди Садыр Жапаров.

Ошону менен бирге президент бүгүнкү күндө Кыргызстанда заманбап спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын ырастады. Бул багыттагы иштер артычылыктуу милдеттерден болуп саналат жана Жалал-Абад шаарында ачылган, бүгүн Бишкекте пайдубалы түптөлүп жаткан футбол академиялары муну айкын көрсөтүп турат.

«Спорттук академиялардын ачылышы келечекте өлкөбүздөгү жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтууга, ден соолугу чың муундун өсүшүнө жана улуттун саламаттыгын бекемдөөгө чоң салым кошот. Бул академиялардын тарбиялануучулары футбол жаатында ар тараптуу билим алып, кесипкөй машыктыруучулардан чеберчилигин арттырып, өлкө ичиндеги атаандаштыкты мындан да күчөтөт. Академияларыбыз бара-бара өнүгүп-өсүп, улуттук курама үчүн эл аралык аренада албан-албан ийгиликтерди жараткан мыкты оюнчуларды тарбиялап чыгат», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Ошондой эле мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия кубогуна жана дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турларына кызуу даярдык көрүп жатканына токтолду. Жалал-Абаддагы Академия ага сапаттуу машыгууларды өткөрүүгө жакшы шарт түзүп берет.

Соңунда Садыр Жапаров «Барселона» футболдук клубунун президенти Жоан Лапортага, бул команданын легендарлуу оюнчуларына Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүүгө жеке катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Жалал-Абаддагы жана Бишкектеги академиялардын тарбиялануучуларынан футбол легендалары чыксын деген тилегин билдирди.

От admin