Бүгүн, 30-августта, президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ички органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операция ийгиликтүү жасалган Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды.

Оорукана жетекчилиги мекеме мындай операцияларды толугу менен ишке ашыра баштаганын, бул үчүн ооруканага квалификациялуу медициналык кызматкерлер тартылып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө теңдеши жок заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылганын билдирди.

Мындан тышкары учурда Түркиядан келген 140 медициналык адис Кыргызстанда эки-үч жыл иштеп, жергиликтүү дарыгерлерди иш жүзүндө үйрөтүшөт. Бул мезгилде ата мекендик адистер тажрыйба топтоп, бөйрөк алмаштыруу операцияларын өз алдынча жасай башташат.

Мамлекет башчысы биринчи жолу ички органдарын трансплантациялоодон өткөн бейтаптарды көрүп, алардын ден соолугунан, ал-акыбалынан жана медициналык мекемеде болуу шарттарынан кабар алып, алардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Садыр Жапаров эми өлкө жарандарына өтө маанилүү жана кымбат баадагы операцияларды жасатуу үчүн алыскы чет өлкөлөргө баруунун кажети жоктугун канааттануу менен белгиледи. Чет өлкөдө 50-60 миң АКШ доллары өлчөмүндө эбегейсиз чыгым болсо, Кыргызстанда ушундай операцияга 10 миң долларга жакын каражат керектелет. Мындай арзан баада ата мекендик адистер башка өлкөлөрдөн келген бейтаптарды да тейлей алышат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда гемодиализ алган 2600дөй бейтап бар, ар бир бейтапка мамлекет орто эсеп менен бир сеанска 6,5 миң сомдон бөлөт. Ошентип, жыл ичинде бул процедураларды төлөөгө мамлекеттик бюджеттен 2,5 миллиард сомго жакын каражат бөлүнүүдө. Эми өлкөдө ички органдарды трансплантациялоо боюнча операцияларды жасоо мүмкүнчүлүгү түзүлүп, бул бюджеттик каражаттар башка социалдык долбоорлорду ишке ашырууга багыттаса болот.

Мамлекет башчысы Түркиядан келген дарыгерлерге кайрылып, кыргыз тарапка көп жактуу колдоо көрсөтүп келе жаткан бир тууган Түркияга жеке өзүнүн жана кыргыз элинин атынан ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда Садыр Жапаров өлкөгө келген 140 адис ар кандай каалоо-тилектери менен кайрыла аларын, кыргыз тарап аларга Кыргызстанда ыңгайлуу болушу үчүн бардык шарттарды түзүүгө милдеттенерин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы белгилегендей, келечекте мындай операцияларга чет өлкөлүк жарандар тарабынан суроо-талап күчөсө, анда бул тармакты дагы да өнүктүрүү жана кеңейтүү зарыл.

Мамлекет башчысы кошумча медициналык имараттарды куруу жана көбүрөөк сандагы бейтаптарды кабыл алуу үчүн бул медициналык мекеме жайгашкан жердин аянтын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну тапшырды.

Ооруканага болгон иш сапарынын соңунда президент Садыр Жапаров Кыргызстанда саламаттык сактоону өнүктүрүүгө жана медициналык кадрларды даярдоого кошкон зор салымдары үчүн Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Европа Биримдиги жана тышкы байланыштар боюнча башкы директору Кылыч Селамини жана Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик ооруканалар башкы башкармалыгынын департамент башчысы Ташкын Мустафаны КР Ардак грамоталары менен сыйлады.

От admin