1 окуду

Кыргыз Республикасынын эл артисти, «Манас» орденинин ээси, композитор, обончу Түгөлбай Казаковдун 70 жашы белгиленет. Бул тууралуу улуттук «Манас» театрынан кабарлашты. Рысбай Абдыкадыров, Бабаравшан Тургунбаев, Асанкалый Керимбаевдер менен теӊ катар Түгөлбай Казаков обончу, аткаруучу катары өткөн кылымдын 80-жылдары коомчулукка кеӊири белгилүү болгон. Анын «Жамгыр», «Насыйкат», «Элегия» сыяктуу ондогон ырлары ушул күнгө чейин репертуардан түшпөй ырдалып келет.

Түгөлбай Казаков эмгек жолун Каракол шаарында маданият үйүнөн баштап, кийин Улуттук телерадио комитетинде, «Асаба», «Агым» гезиттеринде иштеген. УТРКнын төрагасы, Маданият министри кызматтарын аркалаган.

от admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Текстти көчүрүп алууга болбойт