1-класска кабыл алууда, ордо калаабыздын мектептеринин биринин директору акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматы билдирди.

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, аталган мектептин директору К.А.Т. КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Такталгандай, директор К.А.Т. материалдык байыуу максатында, ошондой эле билим берүү тармагынын башка кызматкерлери менен келишим түзүп алып, балдарды биринчи класска кабыл алуу боюнча коррупциялык схеманы уюштуруп алган. Натыйжада ал баланы 1-класска киргизгени үчүн ата-энесинен опузалап акча талап кылган, эгер баш тартса, баланы мектепке киргизбейм деп коркуткан.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын билим берүү тармагында дагы ушул сыяктуу фактылар көп экенин белгилейт, буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билим берүү системасындагы коррупциялык мотивдерди жана схемаларды жок кылуу боюнча иштерди улантууда.

От admin