Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кызыл-Белес айылында фельдшердик-акушердик пункт курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Аталган ФАПтын башчысы Чүрөк Касымованын айтымында, ФАП эл аралык кайрымдуулук фонддордун бири жана жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен 1 млн 950 миң сомго курулган. ФАПтын ачылыш аземине жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана жашоочулар катышты.
«Буга чейин иштеп келген имаратыбыз 1967-жылы курулган. Эскилиги жетип, иштөөгө ыңгайсыз абалда эле. Кайрымдуулук фонддордун бири тарабынан 1 млн 700 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 250 миң сом бөлүнүп, жаңы ФАП курулду. ФАП 4 бөлмөдөн турат. Ичине таза суу киргизилип, керектүү жабдыктары менен камсыздалган»,
— деди Ч.Касымова.