ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Афганистан Ислам Республикасынан Тажикстан Республикасы аркылуу андан ары Кыргыз Республикасына “гашиш” баңги каражаттарын андан ары сатуу үчүн ташуу жана сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу баңги топторунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.
Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай районундагы БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан базардын жанынан 1978-жылы туулган Х.И.Р. аттуу жаран кармалып, курулуш кабында скочтко оролгон 10 даана брикет алынып, алардын ичинде өзгөчө жыты бар кочкул жашыл зат болгон.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар салмагы 4 кг 776 грамм болгон “кара куурай гашиш чайыры” баңгизаты болуп аныкталган.
Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Х.И.Р. аттуу жаран мындан ары сатуу үчүн Өзбекстан Республикасынын жарандарына берүүнү көздөгөнү аныкталган.
Иликтөөнүн жыйынтыгында аталган кылмыштуу топ узак убакыттан бери Өзбекстан Республикасына “гашиш” маңзатын аткезчилик жол менен ташып, сатуу менен алектенип келген.
Учурда кармалган Х.И.Р., Бишкек шаарынын №1 Тергөө абагына киргизилди.

От admin