Токтогул районунда Гемодиализ борбору ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Жалал-Абад облусунун ММК фондунун аймактык башкармалыгынын башчысы, Токтогул районунун акими, шаар мэри, Гемодиализ борборлорунун ассоциациясынын жетекчиси, ошондой эле медицина кызматкерлери жана шаардын тургундары катышты.

«Борбордун ачылышы менен өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга жакшы шарт түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Гемодиализ борбору өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптарды жогорку технологиялык дарылоону камсыз кылган заманбап диализ аппараттары менен жабдылган. Алгач төрт аппарат тажрыйбалуу медициналык адистердин көзөмөлүндө иштеп, процедуралардын коопсуздугуна жана сапатына кепилдик берет. Андан ары гемодиализ аппараттарын жетиге чейин көбөйтүү пландалууда. Эми бөйрөк оорусунан жабыркаган бейтаптар гемодиализ алуу үчүн борборго же башка шаарларга барбай эле, өз үйлөрүнөн барып дарыланып турушат.

От admin