Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов Чыгыш, Борбордук Европа жана Борбордук Азия үчүн баңгизат саясаты боюнча Комиссиянын (ECECACD) төрагасы Александр Квасневский башында турган делегациясы менен жолугушту.
Жолугушууда Уланбек Султанов менен Александр Квасневский Кыргызстандагы жана Европа өлкөлөрүндөгү баңгизаттарга каршы учурдагы кырдаал боюнча маалымат алмашып, баңгизаттарды көзөмөлдөө жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.
Жыйынтыгында Тараптар баңгизаттарды көзөмөлдөө маселелери боюнча өз убагында маалымат, тажрыйба, укук колдонуу практикасын алмашуу үчүн жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүүгө макулдашышты.

От admin