Тажикстандын бийлиги өлкөдө электромобилдерди чыгаруу боюнча ишкана түзүлөрүн билдирди.

«Озоди» радиосу Душанбе акимчилигиндеги өз булактарына таянып кабарлагандай, кеп жылына 1 500 даана электромобиль чыгарууга кудуреттүү тажик-кытай биргелешкен ишканасы жөнүндө болууда. «Авесто Групп» тажик компаниясы менен кытайлык «Цзиньчуан» ишканасынын ортосундагы тиешелүү келишимге Душанбенин мэри Рустам Эмомали Кытайга иш сапар менен барганда кол коюлган.

«Авесто Групп» өлкө президенти Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомалиге жакын адамдарга таандык экени айтылып келет. 2016-жылы түзүлгөн компания бүгүнкү күндө экономиканын түрдүү тармактарында иш алып барат.

Рустам Эмомалинин Бээжиндеги сапарында Кытай менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 400 миллион долларлык келишимдерге кол коюлганы кабарланды. Анда курулуш, өндүрүш тармагындагы бир канча биргелешкен ишканаларды түзүү тууралуу макулдашуулар бар.

Рустам Эмомали Кытайга 22-августта барган.

2000-жылдан бери Кытай Тажикстан менен кызматташууну жандантып, бул өлкөгө ондогон кытайлык компания келген. Батыш эксперттери муну Бээжиндин Душанбеге таасир этүү аракети экенин эскертип, өзгөчө Кытайга болгон эбегейсиз тышкы карыз тууралуу ишарат кылышкан.

Тажик бийлиги «кооптонууга негиз жок» экенин билдирип келет.

От admin