21-августта Токмокто үй өрттөнүп, 6 баласы баласы бар үй-бүлө көчөдө калган.

Үйү өрттөнгөн 35 жаштагы Алтынбек Жумаевдин айтымында, кырсык алар үй-бүлөсү менен 4-5 чакырым алыстыкта жашаган таенесинин ден соолугун суроого кетишкен. «Жолдон эле кошуналарым чалып, үй өрттөнүп жатканын айтышты. Өрт электр зымдарынын чыңалуусунан чыккан экен. ӨКМ келип, өрттү өчүрүп беришти. Жубайым экөөбүздүн 6 балабыз бар. Алар 17, 12, 10, 8, 4 жана 3 жашта. Балдар учурда 1 бөлмөдө жашаган таенемдин жанында болуп жатышат. Жашаганга жерибиз жок калдык. Азыр кошуналар жардам берүүдө. Үйдүн дубалын тазаласак, четинен урап жатат. Жаңы үй салыш керек дешти. Биз көп балалуу үй-бүлө катары каттоодо турабыз. Үй салганга өзүбүздүн шарт жок болуп, жардам суроого муктажбыз», — деген ал.

Аталган үй-бүлөнүн үйүндө Куран китеп күйбөй калган видео жарыяланды. Анда үйдүн ээси Куран китеп кайсы жерде турганын, чындап күйбөй калганын айткан.

От admin