Жогорку Кеңеш депутаты Дастанбек Жумабеков бүгүн, 15-июнда «Парламент» радиосуна курган маегинде ипотекалык насыялоо иштери, аларды нукка салган мыйзам ченемдери жана инвестициялык колдоолор, жер тилкелеринин тартыштыгын жоюу жагдайында ой бөлүштү. 

«Парламенттин кечээки, 14-июндагы жыйынында караган маселеге ылайык, Сауд Аравия мамлекеттери 1,5%дык ченем менен каржылык колдоо көрсөтүп жаткандыгы маалым болду. Тактай келгенде, ал “2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору. Анда белгиленгендей, Сауд өнүктүрүү фонду «Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн 25 жылдык мөөнөткө 375 млн сауд риалы (100 млн АКШ доллары эквиваленти) өлчөмүндө насыяны жылдык 1,5% кредиттик комиссиясы, беш жылдык жеңилдетилген мезгили менен 25 жылдык мөөнөткө берет. Программада 40 м2ден 85 м2ге чейин 3000 батирдик арзан турак-жай куруу каралган. Долбоор 2028-жылдын аягына  чейин бүткөрүлөт. Аталган макулдашууга ылайык, алынуучу каражат мамлекеттик ипотекалык компаниянын эсебине чегерилсе натыйжалуу пайдаланылышы кажет. Ошого жараша калктын турак-жайга болгон муктаждыгын талаптагыдай канааттандыруу иштери жүргүзүлөт. Алдыдагы курулуучу көп кабаттуу үйдүн бир чарчы метри 550 доллардан бааланып жаткандыгы рынок шартындагы орточо наркка барабар», — деп билдирди депутат. 

Он жылдык мөөнөткө берилүүчү ипотекалык насыялар 4% менен эсептешилип, төлөм улуттук сом менен жүргүзүлөт. Мындай жакшы программаны социалдык тармактагы эң жакшы долбоор катары бааласак болот, — деген депутат, — «Жогорудагы алынып жаткан насыялык каражат жакшы жеңилдик болгондуктан, мамлекеттин колдоосу менен курулуучу турак-жайлар бир гана борбордо эле болбостон, региондорго да жайылтылышы керек», — деп кошумчалады. 

От admin