«Ынтымак» командасы көк бөрү боюнча дүйнөнүн биринчи жолку чемпиондору болуп тарыхта жазылып калды.
Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогунунун финалдык оюндары 20-августта болуп өттү.
Кыргызстандын «Ынтымак» жана Казакстандын «Астана» командалары кубок үчүн беттеш өткөрүштү. Оюн 10:1 эсебинде «Ынтымак» командасынын жеңиши менен аяктады.

Бул турнирге “Ынтымак”командасы 2 ай боюу тынбай даярданышкан. Оюнчуларга, аттарга физикалык жана моралдык жактан колдоо жетишерлик көргөзүлгөнүн Талас облусунун көк бөрү федерациясынын президенти Дастан Джумабеков баса белгиледи.

Эскерте кетсек, көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогу быйыл биринчи жолу Кыргызстан республикасынын көк бөрү федерациясы тарабынан өткөрүлүп жатат.
Мелдешти 2 жыл сайын өткөрүп туруу пландалууда.

От admin